Муфтият: Ажылык сапарына каттоо иши аяктады

Ажылык сапарына каттоо иши жана төлөмдөрдү кабыл алуу республика боюнча аяктады. Бул тууралуу өлкөнүн муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жалпысынан 4924 жаран ажылыкка баруу үчүн алгачкы төлөм болгон 400 АКШ долларын банкка төлөшкөн. Азыркы мезгилде электрондук тизмеге катталган жарандардын документтерин толуктоо жана аларды серверге жайгаштыруу иштери улантылууда.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Сауд Арабиясы Кыргыз мамлекетине 4585 квота бөлүп берген. Ал эми ажылыкка каттоо иши өлкө боюнча 6-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2017-03-09 09:51:52
Ali-91, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан