Жыл сайын март айынын экинчи бейшембисинде жер жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнү белгиленет. Быйыл бул майрам 9-мартка туш келди. Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнүн негиздөө демилгеси эл аралык нефрологдордун коому жана Эл аралык бөйрөк фонддоруна таандык. Аталган майрамдын негизги максаты - эл аралык жана мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарынын, саламаттыкты сактоо системин өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногон саясий түзүмдөрдүн көңүлүн бөйрөк оорулары менен ооруган адамдардын саны көбөйүп бараткандыгы тууралуу маселеге буруу. Ошондой эле медицинанын бул тармагында эмгектенип жаткандардын бири-бири менен тажрыйба алмашуусу, бөйрөк ооруларынын профилактика системин өнүктүрүү, оорулууларды дарылоо сапатын жакшыртуу дагы бул күндүн негизги максаттарынын бири болуп эсептелет.
9-мартка карата жылнаама