Элдик кабарга жооп: Кара-Суу районунун акими: "Шералы айылына ичүүчү сууну унаа менен жеткирип жатабыз"

Шералы айылынын элине Отуз-Адыр каналы тазаланып бүтсө суу берилет. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов билдирди.

"Жазгы талаа жумуштарына байланыштуу учурда "Отуз-Адыр" каналы тазаланып жатат. Мындан улам каналда суу токтотулган. Учурда жашоочуларга унаа менен таза суу ташып жеткирип берип жатабыз. Мал ичкенге суу "Түштүк" каналы аркылуу жеткирилүүдө", - деп билдирди Матраимов.

Тилек Матраимовдун айтымында, "Отуз-Адыр" каналын тазалоо иштери 25-февралда башталган. 25-мартта тазаланып бүтсө, калкка суу берилет. Шералы айылында 1500дөй эл жашайт.

Эске салсак, окурман буга чейин Элдик кабарга "айылга 1 айдан бери каналдан суу келбейт. Жогору жактан элдин көйгөйүн бир да адам уккусу жок" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek11
2017-03-09 19:46:17
Акимибиз уялбай каналдан суу берилет дегени эмнеси. Элге таза суу маселесин чечип берсин. Каналдакы суу таза суу болуп эсептелбейт го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан