Бириккен Араб Эмираттарында никесиз жыныстык катнашка барган түгөйлөр камакка алынды

Бириккен Араб Эмираттарында никесиз жыныстык катнашка барган деген түгөйлөр кармалып, камакка алынган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Түштүк Африка Республикасынын 29 жаштагы жараны Эмлин Калвервел жана украиналык 27 жаштагы Ирина Ногайдын жакын мамиледе болгону кыздын кош бойлуу экендигин дарыгерлер аныктагандан кийин белгилүү болгон.

Араб өлкөлөрүндө никесиз жыныстык катнашка баруу - мыйзамды бузуу болгондуктан түгөйлөр тартип сакчыларына өткөрүлүп берилген. Жигиттин апасы Линда Карвелвел аларды коё берүүлөрүн суранып, "Алардын жалгыз катасы - бири-бирин сүйүп калгандыгы", - деген.

Ал эми жигиттин өлкөсү мындай мыйзам бузууда эч кандай жардам көрсөтө албай тургандыгын билдирип, сүйүшкөндөрдү укук коргоочуларга кайрылууну сунуштаган.

Белгилей кетсек, Эмлин Карвервел Бириккен Араб Эмираттарында акыркы беш жылдан бери иштейт. Сүйүшкөндөр ушул жылдын январь айында кармалган, бирок бул тууралуу коомчулукка эми гана белгилүү болгон. Азырынча аларга карата эч кандай чечим чыга элек, эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса, көп жылга темир тор артына киргизилиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aseras
2017-03-09 10:55:11
Кана эми бизде да ушундай болсо
+15
novayariga
2017-03-09 11:21:46
aseras,жарымыбыздан кобубуз жатмакпыз да чекчейип)
+44
Pandora
2017-03-09 11:26:31
novayariga,))))
+6
Lion.
2017-03-09 12:19:14
aseras, анда озунуз баш болуп жатмаксызда ))
(Тамаша)
+7
aseras
2017-03-09 18:32:28
Lion.,баш болуп дейсин да.Мен никесиз жургондорду ушинтип камаса деп айттым эле.Адам кандай болсо ошондой ойдо кабыл алат деген чын туура)))
+1
Pandora
2017-03-09 11:27:21
Булардын го бойунда болуп калып белгилуу болуптур,бойунда болбой никесиз жургондор толтура болсо керек
+12
bilbeim.dordoi
2017-03-09 11:31:53
Мына мыйзам деген ушундай болушу керек
+6
Asman...
2017-03-09 11:35:35
Биздеги мыйзам адам өлтүргөдү деле камабай псих деп чыгарып жиберет акча карматып койсо.
+12
chyngyz-40
2017-03-09 12:33:44
бизде никесиз тороп балдарын туолетке таштап жатышпайбы ошолорго таш баран жазасын киргизиш керек негизи призидент Чубак ажы болгондо онолмок кыргызстан
+9
AIZAD
2017-03-09 13:00:10
Арабдардын озуно деле ишениш кыйын, сойкулука сатылгандар ошол жакта коп болуп атпайбы. Аларды кандай тушунсо болот?
+5
sabyr86
2017-03-09 17:43:21
Башка өлкөнүн жарандарына эмес,өздөрүнө пайдалансын бул мыйзамдарын.
0
nur_zhoni
2017-03-15 01:13:24
sabyr86, ал жакта соц сетерге кируугода мумкун эмес кочодо жана башка коомдук жерлерде обушууго никесиз кол кармашып журууго болбойт дешет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан