Оштогу эстакадалык көпүрө бүгүн текшерүүгө алынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын мэриясынын шаардык курулуш жана муниципалдык менчик бөлүмүнөн бүгүн, 9-мартта билдиришти.
"Учурда көтөрмө ишкана менен кырсык болгон жерге чыгып жатабыз. Жеринен анализ жүргүзөбүз. Ал эми кош бойлуу аялга ооруканадан жардам көрсөтүлүп, кечээ эле үйүнө чыгарылган. Өзү базарда жүрүп, чарчап кетип бара жатып кулап түшкөнүн айтты", - деди бөлүм башчысы Мирлан Исраилов.
Эскерте кетсек, кечээ, 8-мартта "Элдик кабар" рубрикасына окурман эстакадалык көпүрөнүн шыбагы кош бойлуу келиндин башына түшүп, ал эсин жоготконун маалымдаган.