Бишкек шаардык мэрия: "Унаа жуучу жайдан чыккан агынды суулар Аламүдүн суусун булгап жатат"

Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан "Арена" унаа жуучу жайынын жумушчуларынын санитардык-экологиялык нормаларды бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта жазылгандай, аталган унаа жуучу жайдын агынды суулары Аламүдүн дарыясына агып жатат.

Антисанитариялык абалда иш алып барган унаа жуучу жай таштанды чыгаруучулар менен 2016-2017-жылдарга келишим түзгөн эмес.

"КРнын "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" мыйзамына ылайык, санитардык-экологиялык инспекциясынын инспектору "Арена" унаа жуучу жайынын ээси Н.Полотовага протокол түзүп, Октябрь районундагы административдик комиссияга жөнөттү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arlenchik
2017-03-09 13:01:34
Жазага тарткыла устогу менен кошуп айыбын толосун, мындан нары андай кылгыз кылып, экологияны бузган ыймансыздар, киреше таап аткандан келишим тузуп акысын толобойбу экологияны бузбай.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан