Ананьеводо январь айында төрөлбөй калган ымыркай боюнча Ысык-Көл районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан 1-мартта кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл районунун прокуратурасынан бүгүн, 9-мартта билдиришти.
"Прокуратура бул ишти өз көзөмөлүнө алды. Дагы кошумча иликтөө иштери боюнча көрсөтмөлөр берилди. Иликтөө иштеринин жыйынтыгы болжол менен 2 айда чыгып калат", - дешти прокуратурадан.