Эстакадалык көпүрөнүн "шыбагы башына түшүп, эсин жоготту" делген кош бойлуу аял башынан 2 сантиметрдей жаракат алган

Эстакадалык көпүрөнүн "шыбагы башына түшүп, эсин жоготту" делген кош бойлуу аялды жерине барган "Тез жардам" кызматы таппай калган. Бул тууралуу Ош шаарындагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин координатору Абды Шамшиев SUPER.KG порталына бүгүн, 9-мартта кабарлады.

"Тез жардам" кызматына чакыруу түшкөн соң 10 мүнөттөн кийин барышкан. Бирок ал жерден жабырлануучуну табышкан эмес. Ошол жердеги тургундардан сурашса, окуя тууралуу айтышыптыр", - деди А.Шамшиев.

Кош бойлуу аял Оштун шаардык ооруканасына кайрылган. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

"Кечээ, 8-мартта биздин ооруканага башында 2 сантиметрдей жаракаты бар кош бойлуу аял "эстакадалык көпүрөдөн башыма бир нерсе түшүп кетти" деп кайрылган. Алгач ал төрөтканага барып көрүнгөн. Түйүлдүккө эч кандай коркунучу жок экени аныкталганда, биздин травматология борборуна келген. Адистер ага жардам көргөзүшкөн, бирок бейтап андан кийин эле ден соолугу жакшы экенин айтып кетип калган. Аты-жөнүн өзүнүн уруксаты жок айта албайбыз", - дешти ооруканадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
orxidey
2017-03-09 15:33:20
Мен ишенбейм тез жардамдын 10 минутта келгнин.
+18
Izdeim_seni.
2017-03-09 15:43:31
Мен дагы
+11
azimova90
2017-03-09 15:50:39
Машинесин кызыткыча озу он мин отот го.
+5
Aiko_92_29_08
2017-03-09 15:56:29
1 минутда келди деп эле койгула эми бир отоло
-2
Neizvestno777
2017-03-09 17:09:45
Экономдодук деп эптеп бутургондун пайдасы,бугун шыбагы тушуптур, дагы не болот бир Кудай билет
+4
Abdyrashit.Satylganov
2017-03-09 17:18:32
Чарчаганынан кулап түшүптүр деп атпады беле ..
+2
Aruwka.89
2017-03-09 17:23:33
Тез жардамдын машинасы да бир укмушда эми аябай бат журот
+3
kemel81
2017-03-09 17:52:55
Эрте менен эле мэриядан озу чарчап жыгылды дебеди беле. Эми эмне болот. Жоопко тартылабы жалган маалымат берген кызматкер. Же Айтмамат куткарып калабы?
+6
kamchatka
2017-03-09 20:08:54
Боюнда бар аялды Сафари фирмасы акча берип арыз жазуудан баш тартырып койсо керек адегенлеле!
+2
gulmira12345
2017-03-09 20:37:42
Кайран гана Мелис ака артка кайтыныз коркоктук кылбан
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан