18:17 Турсунбек Акундун SUPER.KG порталына билдиргени боюнча Текебаевдин абактан чыгарылышын талап кылган митинг бүгүнкү күнү аяктады. Митинг кайра качан уланары азырынча белгисиз.
17:47 Мурдагы Аскердик соттун имаратына коомдук транспортторго түшүп алып жөнөгөн кээ бир митингчилер, жарым жолдон Текебаевдин камакта калганын угуп алышып, тарап кетишти.
17:19 "Өмүрбек Текебаев 2 айга камакка алынсын!" деген Биринчи май райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту өз күчүндө калтырды.
17:01 "Ала-Тоо" аянтындагы митингчилер Текебаевдин баш коргоо чарасы каралып жаткан мурдагы Аскердик соттун имаратын көздөй бет алышты.
16:49 Учурда мурунку Аскердик соттун имаратында шаардык соттун көчмө жыйыны өтүүдө. Отурумда Текебаевдин баш коргоо чарасы каралууда. Аскердик соттун алдына чогулган митингчилер жок. Милициялар имаратты кайтарып турушат.
16:46 Садык Шер-Нияз: "Суукка карабай келген элдин кайраты сынбайт. Бийлик кайсы сотто иш каралып жатканын айтпай ойнотуп жатса, биз, эл тарап кетпей кайраттанышыбыз керек. "Ата мекен" партиясы тайгак жол, тар кечүүдө сыналган партия. Митингчилердин саны дагы көбөйөт. Бийлик көз боёмочулук, жалган жалаа менен иш аракет жүргүзүп жатат. Бийлик "Ата мекенге" КТРК аркылуу жугунду куюп жатат. Бирок таң калыштуусу ага эл ишенбей жатат. Бүгүн чындыкты айтпасак, эртең ал өлөт. Элдин алдында тизе бүгүп таазим кылам".
16:38 Алманбет Шыкмаматов: "Бийлик Текебаев менен Чотоновду сындыруу аракетин көрүүдө. Кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл. Бүгүн элге, саясатчыларга басым жасай албайт. Эл жеңет".
16:35 Митингчилер "Ала-Тоо" аянтына келип токтошту. Алар "Атамбаев кетсин!", "Текебаевге боштондук!" деп кыйкырып жатышат. Ошондой эле саясий куугунтуктун курмандыктары бошотулсун деген талаптарды айтууда.
16:15 Өмүрбек Текебаевди колдоп келген митингчилердин катарына буга чейин камалган Улуттук оппозициянын өкүлдөрүн коргогон кыймылдын өкүлдөрү келип кошулду. Митингчилер борбордук аянтты көздөй бет алышты. Алардын болжолдуу саны 400гө жакын.
16:11 Аида Салянова: "Улам бирибизди, мени, Шыкмаматовду суракка чакырып, канчалаган башка адамдардын үстүнөн дагы саясий куугунтук болуп жатат. Бирок эртеби, кечпи, биз бул жалаалардан ак чыгабыз. Мунун баары аныкталат".
16:05 Шаардык соттун алдындагы милициянын бир тобу Жогорку кеңештин имараты тарапка кетти. Ал эми Москва көчөсүндөгү эл менен Токтогул көчөсүндөгү митингчилер кошулушту. Бирок митингчилерден Ак үй тарапка баскан эч ким болгон жок.
15:56 Асия Сасыкбаева: "Текебаевдин баш коргоо чарасын кароо боюнча соттук отуруму Аскердик соттун имаратында өтөт экен. Алар элди алдашты эл шаардык соттун алдында турат. Мына милиция кызматкерлери деле берилген буйрукту аткарып коюшуп, кенебей турушат".
15:51 Москва көчөсү тараптан Каныбек Иманалиев баштаган митингчилер Токтогул көчөсүнө соттун имаратына өтүүгө аракет кылышты. Бирок милициялар аларды өткөрбөй койду.
15:45 Турсунбек Акун: "Милициялар өздөрү жолду тосуп алганы туура эмес. Текебаевди террорист катары кармашты. Дүйнөлүк коомчулук Текебаевге "абийир туткуну" деген ат коюу аракетин көрүүдө. Качанкыга чейин митинг менен жашайбыз. Тынч жашасак болобу. Өмүр бою митинг менен жашап жатам".
15:43 Митингге чыккандардын катарына Асия Сасыкбаева, депутат Каныбек Иманалиев жана укук коргоочу Турсунбек Акун келип кошулду. Ошондой эле митингчилердин катарында депутаттар Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов да жүрүшөт
14:49 Бишкек шаардык сотунун имаратын милиция кызматкерлери курчоого алышты. Орозбеков көчөсүндөгү соттун имараты жайгашкан бөлүгү темир тосмо менен жабылып турат.
14:42 Өмүрбек Текебаевди колдогон митингчилер Бишкек шаардык сотуна жөнөштү. Алар колдоруна "Чындык Атамбаев үчүн сасык жыттанат!" деген сөздөр жазылган плакаттарды кармап алышкан.
13:51 Митингчилердин катарына депутат Наталья Никитенко келип кошулду. Жалпы кишилердин саны 50гө жетти. Арасында пенсия курагындагы аялдар да бар.
12:59 "Ала-Тоо" аянтына Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары чогулуп баштады. Учурда аянтка 10дон ашуун адам келди. Алардын айтымында, депутатты колдогондор Бишкек шаардык соттун имаратынын алдына дагы чогулушат. Мындан сырткары аянтка жакын жерге 100дөй милиция кызматкерлери келди.
Эске салсак, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген.
26-февралда таңкы саат 3тө Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМКнын кызматкерлери депутатты кармап кетишкен.
Ошол эле күнү камакка алынган депутаттын тарапташтары УКМКнын алдына чогулушкан. Алар Ө.Текебаевди үй камагына бошотуу талабын коюшкан. Бул күнү митингге 1000ге чукул жаран катышты. Депутатты коргоо боюнча Бириккен күчтөрдүн штабы түзүлгөн.
27-февралда Текебаевди колдогон 400дөн ашуун митингчи "Ала-Тоо" аянтына чогулган. Анын баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин билүү үчүн митингчилер Биринчи Май райондук сотуна, УКМКга келишкен. Жактоочу Чынара Жакыпбекова Ө.Текебаевдин жана соттун коопсуздугу үчүн баш коргоо чарасы мурунку Аскердик сотто каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыгарылганын айткан.
28-февралда Текебаевдин тарапташтары УКМКнын алдында митинг өткөрүшкөн. Анын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов митингдер жумасына 2-3 жолу өтүп турарын айткан.