Эртең январда болгон авиакырсыктан жабыркагандарга 2 миллион сом таратылат

2017-жылдын 16-январында “Манас” эл аралык аэропортунан алыс эмес жайгашкан Куруучулар башкармалыгынын дачаларындагы авиакырсыктан жабыркагандарга эртең, 10-мартта "Элим, барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фонду жана “JIA” Бизнес Ассоциациясы бирге чогулткан 2 миллион сом жардамды таратат. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

"Авиакырсык көптөгөн жарандардын өмүрүн алып, үйлөрүн кыйратты. Бул каргашалуу окуяга кайдыгер карабай, жардам берүү максатында акча каражатын чогултуу акциясы уюштурулган. Жыйынтыгында 2 миллион сом чогулду. Эртең, 10-мартта каза тапкандарга куран окутулуп, үй-бүлөлөрүнө жогоруда айтылган акча каражаты таратылмакчы", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага депутаттар Абдувахап Нурбаев жана Жанар Акаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлигинин, ММК, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, фонддун кызматкерлери катышары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
kyrgyz.kg83
2017-03-09 14:40:23
Калган 93милиону кайда,качан калганы берилет,уят емеспи елдин акчасын елге берлинер жок
+11
gulmira12345
2017-03-09 14:43:06
kyrgyz.kg83,ал деген элим барсынбы программасы чогулткан акча 93миллионду окмот мчс чогултса керек по-моему
+7
kyrgyz.kg83
2017-03-09 14:45:55
gulmira12345,аны бир кудай билетко,жоопкерчилик жокта окмотто
0
moskyrsat
2017-03-09 15:08:38
жабыркагандарга эртең, 9-мартта "Элим, барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фонду жана “JIA” Бизнес Ассоциациясы бирге чогулткан 2 миллион сом жардамды таратат. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Деп турбайбы калганын канчан берет же жыл сайын 2 млн берсе 48 жылда берип бутобу анда . эми чын чынына келгенде бул кылгандары ашыкча болуп кетти ээээээээх КАЧАН КАЧАН онолобуз???
+1
abusait
2017-03-09 15:07:16
Жанакы карызга НАН алып жеп Жаткан уй булого биринчи бергилееее... .
+8
ulchana
2017-03-09 15:11:30
Болуп жарып бербей,ар бир уй-булого 1,5 миллиондон болуп берип койбойбу,жерди дагын уйду дагын озунор таап куруп алгыла деп.Майдалап берсе берекеси да жок калат же толк жок берген акчасынан.
+6
din_tomas
2017-03-09 15:14:31
Кандай түшүнбөйсүңөр бул башка акча , өкмөткө чогулган 93млн эмес
+1
Alimedina
2017-03-09 15:34:31
Эртерек таратып берсе кай жерден уй алса да алышсын тегиз болуп коюшса байкуштарды кечке зарыктырбай...болуп берсе уй кылынбай жер алынбай жок болот баары айдай талаада калат кай жака барышат анан балдары мн....майдалап беришсе кара курсака еле кирип кетет да
0
ABDulHai
2017-03-09 16:10:18
Сен мени чукубасаң Мен сени чукубасам ар бирибиз өзүбүздү чукуп таза иштеп жашасак оңолобуз...

Качан оңолот элек???
0
Begim94
2017-03-09 17:09:53
Азыркы окмот нени чечип журот таратпайбы элден чогулган акчасын
0
futboler
2017-03-09 17:20:11
Башка бироо чогулткан акчага окмоттун эрчип алганын карасан
+4
Ananasky
2017-03-09 17:20:31
97миллиондон эки миллион эле аштыбы атка минерлерден , эки айда басып жатышып аран чыгарышканго ээ.
-2
Alixan-Nookat.2015
2017-03-09 18:07:34
Чогулган акчаны бергиси жокко бир жолун издеп жатат окшойт кантип жеп калсак экен деп.
0
finalyear2014
2017-03-09 19:37:06
Сөздүн кыскасы жеш керек!
0
nurbek11
2017-03-09 20:21:22
Бул 2 милйон башка. Мчс чогулткан акча эмес.
0
Arlenchik
2017-03-09 21:17:43
Оздору кошулуп чогулткансып тигилерге эмне бар даяр нерсеге автор болгон атышабы.
+2
Kleopatra01
2017-03-10 18:00:01
Бугун 10-март кеч кирип баратат.Эмнегедир жанк жок бул боюнча.Шылтоо таппай отурушат окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан