Эртең Балыкчыда гемодиализ борбору ачылат

Эртең, 10-мартта Балыкчы шаарындагы Гемодиализ борборунун ачылуу аземи болот. Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнөн маалымдалгандай, аталган борборду куруу жана жабдуу иштери толугу менен жеке ишкер, меценат, Балыкчы шаарынын тургуну Мирлан Исагалиев тарабынан каржыланган. 2016-жылы Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан шаардык оорукананын аймагынан жер тилкеси берилген.

"Борборду курууга жана бөйрөк үчүн медициналык 5 аппаратты сатып алууга 10 миллион сомго жакын каражат жумшалган. Мындан тышкары алдыда дарылоо үчүн керектелүүчү тазалагыч каражаттарынан 100 даана сатып алуу иштери мерчемделүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан