Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун айланасы таштандыдан тазаланды. Бул тууралуу бүгүн Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасынын коомчулук менен байланыш кызматынан Иманбек Советбеков SUPER.KG порталына бүгүн, 9-мартта билдирди.
"Ал жерди ижарачылар иштетип, ишкерлер соода кылышчу. Соодагерлер таштандыларды таштап салышыптыр", - дейт И.Советбеков.
Эске салсак, окурман буга чейин Сулайман-Тоонун айланасында таштандылар тазаланбай жатканын билдирген.