Англиянын Ливерпуль шаарынын 30 жаштагы тургуну, кош бойлуу Луиза Коркилл ультра үндүү изилдөөчү аппараттын сүрөтүнөн маркум чоң энеси Мэри Паркинсондун жылмаюусун көргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Л.Коркиллдин 4 айлык боюнда бар. Анын айтымында, 2001-жылы каза болгон чоң энеси М.Паркинсон менен аябай жакын мамиледе болгон. Ошондой эле Коркилл сүрөттү көргөн соң ичиндеги баланы чоң энеси коргоп жатканына ишенгенин айткан. Ал аппарат тартып алган сүрөттү чыгарып, уктоочу бөлмөсүнө илип койгон.