Дүйнөдөгү эң узун бойлуу өспүрүмгө 3D-принтерден бут кийим чыгарылды

Дүйнөдөгү эң узун бойлуу өспүрүм, АКШнын Мичиган штатынын тургуну, 19 жаштагы Брок Браунга 3D-принтердин жардамы менен бут кийим чыгарышты. Мындай маалыматты бүгүн, 9-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Б.Браундун боюнун узундугу 233 сантиметр, бутунун өлчөмү 60. Ал бала чагынан Сотос синдромунан (церебралдык гиганттык) жабыркайт. Бул ооруга Жер шарынын жашоочуларынын 15 миңден бири чалдыгат. Мындан тышкары бул илдетке кабылгандардын тизелери, белдери ооруп турат. Б.Браун "Гиннесстин рекорддор китебине" дүйнөдөгү эң узун бойлуу тинейджер катары кирген. Ал эми 3D-принтерден чыккан бут кийимди ага калифорниялык компаниялардын бири жардам катары берген. Буга чейин Б.Браун бут кийимдерин 400, 500 долларга буюртма менен жасатып келген. 3D-принтерден басылып чыккан бут кийимдер ага андан арзаныраак баада, 99дан 250 долларга чейинки баада сатылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ronaldo.99
2017-03-09 18:12:55
Охоо.
+1
Adidas_91
2017-03-09 18:37:35
Бекер деле берсе болмок экен. Американын атын чыгарып жатпайбы эң узун адам деп.
+3
s.sweet
2017-03-09 19:28:26
оа бекер эле берсе болмок
+2
farida.kg.1991
2017-03-10 09:14:07
Кудайдын бюрганы болотта адамдын колунан эч нерсе келбейт
0
izdeim.seni
2017-03-13 20:53:14
Жөн эле кроссовкабы түшүнбөдүм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан