Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хеге карата импичмент Конституциялык сот тарабынан кабыл алынды

Түштүк Кореянын Конституциялык соту президент Пак Кын Хеге болгон импичментти кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 9-декабрда өлкөнүн парламенти президенттин паракорлук ызы-чуусунан улам ага импичмент жарыялаган. Соттун чечими жергиликтүү YTN телеканалында бүгүн жарыяланган. Бардык 8 сот тең импичмент үчүн добуш беришкен.

Пак Кын Хе өлкөнү башкаруу кызматынан такыр бошотулат, 60 күндүн ичинде жаңы президент шайланышы керек. Эгер импичмент кабыл алынбаса, анын башкаруу мөөнөтү 2018-жылы бүтүп, президенттик шайлоо 20-декабрда болмок. Түштүк Кореянын президентинин айланасындагы жаңжал анын жакын курбусу Цой Сун Силь "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин тутанып, Пак Кын Хенин отставкасын талап кылган ири митингдер өткөн.

Учурда Цой Сун Силь камакта. Азырынча өлкө башчынын милдеттерин премьер-министр Хван Гё Ан аткарууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан