Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг экинчи ирет ата болот

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жана жубайы Присцилла Чан экинчи ымыркайын күтүп жатышат. Бул кубанычтуу кабары менен Цукерберг өзүнүн фейсбуктагы баракчасына бөлүштү.

"Биз Присцилла экөөбүз сиздер менен ушундай жакшы кабарды бөлүшүп жатканыбызга кубанычтабыз. Присцилланын биринчи кош бойлуулугу оор өткөндүктөн кайра балалуу болорубузга көп ишене албай жүргөнбүз. Жубайымдын кош бойлуулугун билгенибизде адегенде эле оюбузга аман-эсен, ден соолугу жакшы бала төрөлсө экен деп ойлодук. Экинчиден кыз болушун кааладым, Максимага сиңдилүү болуудан өткөн чоң кубаныч жок", - деп жазган Марк Цукерберг.

Цукерберг жубайы Присцилла Ч​ан менен Гарвард университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Эки жаш 10 жыл сүйлөшүп, 2012-жылдын 19-май күнү баш кошушкан.

Ал эми 2015-жылы түгөйлөр тун кыздуу болушуп, ага Максима деген ысым ыйгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aydarov...
2017-03-10 11:41:43
Менин идеал туткан адамым
0
BakytAliev
2017-03-10 11:51:12
Старый форт айдаган ушул беле жана биринчи кызы торолгондо тапкан акчасын канча процентин балдар унуйо берем дг эле
0
zhanka1234
2017-03-10 12:59:15
BakytAliev,ооба
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан