Бишкекке 10 миң түп бак-дарак отургузулат

Бишкек шаарына бул жылы 10 миң түп бак-дарак отургузулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдалды.

Берилген маалыматка ылайык, шаарда жыл сайын эскирген, адам өмүрүнө коркунуч жараткан шаарды жарыктандырууга тоскоол болгон бак-дарактар кыйылат.

"Учурда шаардын бир катар көчөлөрүндө унаа токтотуучу жайлар курулууда. Буга байланыштуу жол боюндагы 100 түп бак кыйылат. Кыйылган бак-дарактардын ордун жаңы отургузулган көчөттөр толуктайт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан