"Элдик видео" бөлүмүнө "Бардык нерсеге каниет кыл" деген видео жүктөлдү (ник: Chyngyz_kg).
"Ааламдын көркүн көз ачат" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Кезектеги элдик видеону көрүп, адамдагы көрүү сезими, дүйнөнү көрө алуу чоӊ бакыт экенин, көздүн ыйыктыгын түшүнүүгө болот. Анда башкы каарман жарым күн көзү азиз кишидей болуп жүрүүгө макулдугун берет. Ал коомдук унаага түшүп, кайсы бир дарекке чейин жалгыз жетүүсү керек.
Соӊунда каарман жардам берүүгө ашыккан адамдар көп экенин, аларга ыраазы болгонун айтып, адамда көрүү мүмкүнчүлүгү бар экенин сезип, түшүнүү сөз менен жеткирип берүү мүмкүн эмес экенин айтат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.