Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз жайгашкан 18 курулуш сүрдүрүлдү

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз жайгашкан курулуштар сүрдүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун боюндагы Шарк жана Мады айылында 68 курулуш имараттары текшерилип, 18 имарат буздурулду.

"Жол боюна курулган курулуштардын эч кандай уруксаты жок, мыйзамсыз жайгашканы атайын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталды. Шарк айыл аймагы боюнча 56 курулуш, Мады айыл аймагында 12 курулуш текшерилген. Калган 50 курулуштун ээлерине актылар түзүлүп, буздуруу талабы коюлду. Эгер имараттын ээлери өз эрки менен бузбаса чаралар көрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulmira12345
2017-03-10 17:03:09
акча ташавай койгонго сыягы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан