Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын жашоочусу, 7 баланын энеси Асел Ибраимова 2 жылдан бери балдарына жөлөк пул албайт. 35 жаштагы А.Ибраимова учурда 8-баласын күтүп жатат.
Айтымында, мындан эки жыл мурун 5 баласына ай сайын 5 миң сомдон жөлөк пул алып турган.
"Мындан 2 жыл мурун жолдошум почточунун жардамчысы болуп жумушка орношкон, башында 5 миң сом айлык алчу, кийин айлык кыскартылды деп 2800 сом маяна алып жүрдү. Азыр иштебейт, жумушта кыскартуу болуп жумуштан кеткен. Жолдошум жумушка орношкондо "күйөөң айлык алат экен" деген жүйөө менен балдарыма чыкчу жөлөк пулду чыгарбай коюшту. Мындан тышкары кайнене, кайнатамдын пенсия алгандыгы менен да жөлөк пул чыкпай тургандыгын айтып жатышат", - деди Асел Ибраимова SUPER.KG'ге.
Ал белгилегендей, жолдошу бир туугандардын эң кичүүсү болгондуктан, кайнене, кайнатасынын үйүндө чогуу турушат.
"Кайнене-кайнатам картайып калды. Атам инфаркттан, энем болсо муун оорусунан жабыркап келет. Экөө биригип 14 миң сом пенсия алат, негизинен борбор калаада болушат. Ал жакта да балдары бар, дарыланышат, курортторго барышат. Айтор, алардын акчасы өздөрүнө керек. Жолдошум экөөбүз 18 жылдан бери чогуу жашайбыз, улуу кызым 16 жашта, эң кичүүбүз 1 жаш 6 айлык болду. "Баатыр эне" наамын алууга документ тапшырдым, жакында наам алам деп күтүп жатам", - дейт Асел Ибраимова.
Жолдошу иштеп жүргөн кезинде алган маянасы үй-бүлөнү камсыздоого жетпей тургандыгын айтып, Нарын райондук социалдык коргоо башкармалыгына кайрылып оң жооп ала алган эмес. Учурда алардын үй-бүлөсү айылда чарбачылык жумуштары менен алектенет.
"Ушул жылдын башында Нарын райондук социалдык коргоо башкармалыгына кайрадан документ тапшырдым. Январь, февраль айларында жөлөк пул чыгат дешкен, бирок андан бери жооп жок", - деп кошумчалады А.Ибраимова.