Бишкекте окуучуларга ысык тамак берүүнүн жаңы модели киргизилди

Борбордогу №64-мектепке биринчилерден болуп тамак берүүнүн жаңы модели киргизилип, башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак бериле баштайт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун расмий сайты 9-мартта жарыялады.

Маалыматка караганда аталган мектепте оңдоо иштери жүргүзүлүп, ашпозчулар кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн окутуудан өтүшкөн. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында электр мештери, идиш жуугуч машина, муздаткыч сыяктуу жабдуулар алынган.

"Буга чейин айыл жергесиндеги мектептерде ысык тамак берилип келген. Мындан улам Бишкек шаарынын жетекчилиги шаардагы окуучулардын тамак-ашын жакшыртууну демилгелеп чыгышты. Окуучуларга тамак берүү программасын Орусия Федерациясы каржылап, 12 миллион доллар бөлгөн. Азыр 85 миңге жакын башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
satarovkubacom
2017-03-10 14:59:43
Бакиевтин проектиси эле бул
+10
Ayselim
2017-03-10 15:28:24
Ысык тамак бербей эле бирден коржик же булочка берип койотко
+3
Ananasky
2017-03-11 00:38:42
Ыссык тамак берилбейтко , чай менен бир булочка же кекс берип коюшат анысына да 60 айына алышат .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан