"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Орто-Сай" базарынын четиндеги тротуарларда соода кылгандарга чара көрүлүп жатат" дейт администрация

8-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын жанындагы тротуарларды соодагерлер ээлеп, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаралып жатканын кабарлаган.

Октябрь райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Токтосун Султанов бүгүн, 10-мартта аталган базардын четиндеги соодагерлерге чара көрүлүп жатканы менен, натыйжа болбой жатканын билдирди.

"Элге түшүндүрүп, жеткирүү кыйын экен. Былтыр Донецкий көчөсүн оңдоп чыкканбыз. Эми элдер унаалары менен келип соода кылып жатышат. Айып салынып жатат, бирок кайра эле чыга беришет. Өзгөчө эс алуу күндөрү жана майрамдарда биздин жоктугубуз менен пайдаланышат.

Ал эми Юнусалиев көчөсүндө Ветерандар коомундагы карыялар эс алуу күндөрү соода жүргүзүп, каражат таап келишчү. Аларды түшүнүү менен кабыл алчубуз. Бирок дүйшөмбү күнү, 13-марттан тарта аларга да соода жүргүзүүгө тыюу салынды.

Эми бул базардын тегерегин патрулдук кызматынын, салык кызматынын жана администрациянын өкүлдөрү көзөмөлгө алышат", - деди Т.Султанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан