Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн ичинен Бириккен Араб Эмираттарында пенсиянын өлчөмү эң көп болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта орусиялык басылма жазып чыкты. Назарыӊыздарга алар кайсы өлкөлөр экенин жана андагы жарандар көп өлчөмдөгү пенсия алуу үчүн акча каражатынын канча бөлүгүн которуп берерин сунуштайбыз.
1. Бириккен Араб Эмираттары. Пенсиянын суммасы - 3000 доллар (207 миң сомдой). Бул өлкөдө кайсы кесипте болбосун, 25 жыл иштеген жогорку билимдүү кишиге аталган суммадагы пенсия берилет.
2. Улуу Британия. 1590 фунт (139 миң сомдой). Бул үчүн иштеп жүргөндө 10 жыл бою пенсия менен камсыздандыруу фондуна акча которушат. Айлык акысынан алына турчу акчадан тышкары өздөрү дагы которуп турса болот.
3. Израиль. 1500 доллар (103 миң сом). Мындай пенсияны алуу үчүн израилдиктер 30 жылдын ичинде айлык акысынын 18 пайызын которуп турушат.
4. Финляндия. 1200 евро (87 миң сомдой).
5. Франция. 1000 евро (73 миң сомдой). Иштеп жүргөндө кирешесинин 16,35 пайызын берген пенсия жашындагылар бул акчаны алышат.
6. Америка Кошмо Штаттары. 1000 доллар (69 миң сом). Акчанын кээ бир бөлүгүн иштеп жүргөндө өздөрү дагы которуп турушат.
7. Испания. 850 евро (62 миң сом).
8. Германия. 810 евро (59 миң 130 сомдой). Ал эми пенсияга ылайык убакыттан аз иштегендер 26 миң сомдой алышат.
9. Польша. 353 евро (26 миң сом). Бул сумманы 25 жыл иштеген адамдар алышат.
10. Кытай. 1000 юань (10 миң сомдой). Бул үчүн мамлекеттик кызматта же өнөр жай тармагында эң аз дегенде 10 жыл иштөө зарыл.