"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Өзгөн районундагы Бешинчи айыл өкмөтүнө барган жолго шагыл төгүү маселеси каралат

Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бешинчи айылына барчу жол менен кыш жана жаанчыл мезгилде унаа жүрө албай каларын окурман 7-мартта "Элдик кабар" рубрикасына кабарлаган.

Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Алишер Бакышев SUPER.KG порталына бул маселени райондук администрациянын отурумунда сунуштаарын бүгүн, 10-мартта кабарлады.

"Ал жакка элдер мал багып, жер кенен болгондуктан көчүп кетишкен. Бешинчи айылда 40ка жакын түтүн жашайт. Жолго шагыл айылдын тургундары аз болгондуктан эмес, каражат бөлүнбөй, алысыраак жайгашкандыктан төгүлбөй жатат. Ал жолго Союз маалында эле шагыл төгүлчү эмес, кышкысын карды тазалап берип жатабыз. Эми мен бул маселени отурумда кароого сунуштайм. Айыл өкмөтүнө тиешелүү каражат бөлүп берүүнү айтам. Колубуздан келген жардамды бергенге аракет кылабыз", - деди А.Бакышев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан