Кыргыз өлкөсү 15 жашка чейин турмушка чыккан кыздардын саны боюнча КМШ мамлекеттеринин арасында 1-орунда

КМШ мамлекеттеринин арасында Кыргыз өлкөсү 15 жашка чейин турмушка чыккан кыздардын саны боюнча 1-орунда, 17 жашка чейинкилер арасында 2-орунда. Мындай маалыматты "Аялдар тынчтык банкы" фондунун жетекчиси Гүлсана Абытова билдирди.

Анын айтымында, акыркы 3-4 жыл аралыгында кыздардын эрте никеге туруусу күн санап өсүүдө. Өлкөнүн өзгөчө түштүк жергесинде бул маселе орчундуу болууда.

"Кыргыз жеринин түштүк аймагындагы өзбек тилдүү жашоочулар кыздарын эрте эле турмушка беришет. Чүй өрөөнүндөгү уйгур, дунган улуттарынын кыздары да никеге эрте турушат. Акыркы жылдары кыргыз кыздарынын арасында мектепти бүтө элек учурда эле турмуш кургандар көбөйдү. Биз бул көйгөйдүн себептерин иликтеп чыктык: тышкы миграциянын күч алышы, ата-энелердин жоопкерчилигинин азаюусу, жашоочулардын социалдык-экономикалык абалы", - дейт Г.Абытова.

Ал белгилегендей, мындай көрүнүштүн кесепетинен ажырашуулардын саны көп болууда. Кыздар жаш болгондуктан кайын журтуна мамиле жасоону билбейт, никесин мыйзамдаштырбагандыктан балдарына күбөлүк ала алышпайт. Бул маселе балдарга жөлөк пул алууда тоскоолдуктарды жаратат.

"Мен ачык эле айтайын. Мектепти бүтпөй турмушка чыгып кеткен жаш кыздар улуттук генофондду бузат. Алардын жатыны кичинекей болгондуктан салмагы да, бою да кичинекей балдар төрөлөт. Ал балдар көп ооруларга чалдыгуусу мүмкүн. Муну менен катар эле эрте турмушка чыккандарда жетиштүү билим жок болгондуктан, балдарына туура тарбия берүүдө да аксашат", - деп кошумчалады Г.Абытова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
bek.94
2017-03-11 11:46:06
чындыка туура келбейтко,Таджикстан,Озбекстан бизден отот.
+18
futboler
2017-03-11 13:07:07
bek.94,Бул укук коргомуштардын жомогу, канчалык олкобузду жамандап корсотушсо ошончолук коп акча алышат батыштан
+8
Solanum
2017-03-11 13:11:36
Баары бир ЧЫНДЫК болуп жатпайбы. Коптордуле кордум эрте турмушка чыгышып,ажырашып же алимент алайын десе ЗАГС жок,балдарында туулгандыгы жонундо куболугу жок, Анан балдарын жалгыз багам деп куну туну иштейт,балдарына энелик мээрим жетишпей калууда
+5
adilbars
2017-03-11 13:40:51
Озбекстан атайын мыйзам чыгарып, козомолдоп калганы чын, бирок, тажиктерден да озуп кеткенибиз эмнени туюнтат я? Коншулар алдыга биз аркагабы ошондо?
0
arzygulR
2017-03-11 13:46:48
Жок е жалган бул
+3
ainura220888
2017-03-11 14:00:36
Анча мынча ата энелер тушунбойтда берип салышат менин бир классташым 10-класста окуп атканда алып качып кетсе берип салышты. Ошонун баласы эн чону 7-класста окуйт. Классташтардын ичинен. Андан кийинкини кудалап алып кетишти 11-класста апрельде тийди эжей барып уйуно окууну бутсун десе ата энеси конбой коюптур. Биз шаарга окууга кетебиз деп алек болуп атканда ал келиндер кийген халатарды сатып алып жургон. Кийин ажырашып кетти. Экинчи ирет турмушка чыкты балдарын апасына таштап.
+2
kenjebek_a
2017-03-11 14:09:58
Себебин тышкы миграция деп айтыптыр.Жумуш болбосо эмне кылыш керек.Бул жана толгон токой маселени билиш учун,статистиканын темасын башкача башташ керек.Мисалы биздин алган карыздар кандай иштетилип жатат.Жепутаттарды башка олконун депутаттарына салыштыргыла.Берген убадаларын,канча ишкана ачты дегендей.Томон тараптан эмес ойдодон жургузуш керек.Убада берип барган жепутаттар уже кулагынан бери семирип май басып кетти.
+2
ekaterinburg
2017-03-11 14:18:16
Калп!!!Тажикистанда 9 классты бутпой эле турмушка беришет.Мына,жанымда олтурган тажиктен сурагыла ишенбесенер!
+3
Uson13
2017-03-11 15:41:50
Кыргыздар бербейт 15 жаштагы кызын бизди биринчи орунга чыгарган булар өзбектер
+4
nargis
2017-03-11 16:49:05
Uson13,туура бирок алар да кыргызстадын жараны болуп жатпайбы не демекпиз эми экономика онукккондо деле бул маселени жолго коюу кыйын.
+2
nemo2016
2017-03-11 16:04:54
мындай карасан элди сабатсыз деп ойлошот окшойт ушуга окшогон уюмдар батыштын акчаларына эптеп ойюнан ар нерсени токуй беришет экен
+2
surgeon777
2017-03-11 17:17:25
Карандай калп!Тажикстан менен Озбекстандан да биринчи болушубуз эч качан мумкун эмес,бир ууч озбек менен дунгандын эсебинен 1-орунга коюп коюшунар туура эмес!Кимдин статистикасы бул?!
+1
Ayka1994
2017-03-11 18:00:39
бизде 1-орунда турушунун себеби Озбекстанда 18 жашка чейинки жарандарга нике куболугу берилбейт. нике куболугусуз нике окуган молдолорду сот жообуна тартат.Колледж лицейдеги студенттерди турмушка узатса ата-энесин прократура чакыра берип эзет. Ош Жалал-Абад, Баткен областарында озбек улутундагылар эрте берет себеби бул жакта жаш чектоо деген мыйзам иштебейт. эгер озбектердин кызы 19 же 20 чыгып эрге тиелек болсо Кыргызстанда аны озбектер озу отуруп калыптыр деп айтат
+3
meni_kut
2017-03-11 20:17:12
Ayka1994,Озбектер эле эмес кыргыздар деле эрте тийет го мисалы:ырчы Анжелика да 18ге жашы жетелек Урматка тийген
+1
Ayka1994
2017-03-13 10:00:40
созуно кошулам кыргыздарда да бар бирок кыргызстанда басымдуу болугу озбек жана тажик улутундагылар болуп жатат. азыр озбек эжелер менен суйлошуп калсан силерда "маза а" дейт бизде 18ге чыкса "кука бошлаймиз" деп оздору кошо куйо издей баштайт тууган уругуна айтырып куйо тапкила деп ошону озунор кичине кечирек бергиле десен 20га чыгып калса 2 турмушка сурап келе баштайт деп коркушат экен
0
Nur1k
2017-03-11 22:56:00
Бизди номер 1ге чыгарган биздин [moderated]дер) кыжаалат болбогула
0
tyrgon
2017-03-11 23:34:44
туштук жакта болгондур бирок тундук кыргыздар он беш жаштагы кызын куйого боюнда болуп, калганда гана арга жок берет колун сурап барып корчу он беш жаштагы кызын козун коргоруп чыгатго менимче ))) туштук жактагы кыргыздар деле менимче бербесе керек деп ойлойм. мен ойлойм бул маалымат менен кыргыздарды шылдындаганы деп анткени кмш бул бывший СССР олколору Таджикистан бизден алда канча алдыда жаман жагы менен озбекстан мындай коелу.
0
Lion.
2017-03-12 00:16:36
Минус бассанар баскыла. Но азыр мектепти буто электе эле кыздар телефон менен суйлошуп жалжандап анан балдар менен жоолугуп, балдар машинесине кылып коюп, боюна буткондон кийин жоопкерчиликтен качыш учун уйлонуп алат да кийин ажырашып кетишет.

Бул чындык!
+4
Adilet_adi
2017-03-12 08:44:12
Эң туура чечим айткан эрте турмушка чыгып генофонд бузулат
-1
youngyoung
2017-03-12 21:10:23
Adilet_adi,
туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан