6 ай убакытта бат эле кыргыз жерине көнүп, жактырып калган япон кызы Харукко Танаги Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине долбоор аркылуу 6 айлык келишим менен келген. Ал бул убакыт аралыгында университеттен тышкары каналдардын биринде да сабак өтүүгө үлгүрүп, телекөрүүчүлөргө япон тилин үйрөткөнүн 10-мартта SUPER.KG порталына кабарлады.
"Кыргыздар менен япондордо чоң окшоштук бар. Кыргыздардын эске тутуму абдан күчтүү экен, мен муну өзүм окуткан окуучу, студенттерден байкадым. Өзүм бул өлкөнүн тилин билбесем да, жергиликтүүлөр менен сүйлөшүүдө кыйынчылыктар болгон жок. Жарандардын кабыл алуусу жакшы болгондуктан, бардык жерде оюмду оңой эле түшүндүрүп жаттым" , - дейт Харукко.
Харукко эртең таңга жуук өз өлкөсүнө кайтат. Ал лагман менен палоону абдан жакшы көрөрүн айтат.
"Гүлжигит Калыковдун "Сен дегенде" ыры абдан жаккандыктан, жаттап алып ырдап жүрөм. "Чоро" тобунун ырларын да угуудан ырахат алам", - деген Харукко өлкөбүздөгү кесиптештери менен коштошуп жатып көзүнө жаш алды.
Харукко 24 жашта, кесиби боюнча журналист.