Каржы министрлиги: "Февраль айында калкка жөлөк пулдарды төлөөгө бюджеттен 617 миллион 588 миң сом бөлүндү"

2017-жылдын февраль айында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы 8 миллиард 308 миллион 297,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу каржы министрлигинин расмий сайты жарыялады.

Маалыматка караганда көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 миллард 28 миллион 651,3 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 1 миллиард 439 миллион 339,1 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 617 миллион 588,5 миң сом бөлүндү.

"Саламаттыкты сактоо системинде бирдиктүү берене менен көрсөтүлгөн чыгымдар 733 миллион 63,5 миң сомду түздү. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жумшалды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан