Оштогу эстакадалык көпүрөнүн шыбагы түшүрүлүп, кайрадан жаңыртыла баштады

Эстакадалык көпүрөнүн шыбагы бүгүндөн тарта калыбына келтириле баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын мэриясынын шаардык курулуш жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов бүгүн, 10-мартта кабарлады.

"Жыгылган келиндин 1,5 жашар кызы бар экен, өзү 1992-жылкы. Учурда абалы жакшы. Маршруткадан түшүп, бара жатып жыгылыптыр".

"Көпүрөнү салган "Сафари" жоопкерчилиги чектелген коому көпүрөнүн сапатына 2017-жылдын декабрь айына чейин кепилдик берген. Көпүрө дубалдары былтыр күзүндө шыбалган соң аба ырайы төмөндөп, шыбак тоңуп калыптыр. Аларга декабрь айында бул боюнча доо жөнөтүлгөн. Март айында күн жылыса, оңдоо иштерин жүргүзүп, калыбына келтиришерин билдиришкен", - деди М.Исраилов.

Эскерте кетсек, окурман 8-мартта Оштогу эстакадалык көпүрөнүн шыбагы кош бойлуу келиндин башына түшүп, ал эсин жоготконун кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
gulmira12345
2017-03-10 18:44:40
ха ха го
+4
hubabubba
2017-03-10 19:15:05
Ошол кундон бери 10 шылтоону айтышты. Кечээ эле базардан чарчап чыгып жыгылды дебеди беле.
+11
kyrgyz.kg83
2017-03-10 21:24:47
Жооп дагы даяр екенго,шарылдатып окуп салды,качестваны караган адам барбы ОЗУ,тыйынды алдыда колду койду бутуда
+3
Munarbek1988
2017-03-10 21:51:53
Эптемей копуро болду копко туруштук бере албайтко 1 жылда эле кочо баштаса. Ошондой чон копуро курган фирма билбейт бекен суукта шыбаса тонуп каларын.
+10
Abdyrashit.Satylganov
2017-03-10 23:15:40
Өзү булар super.kg'ни аңдып олтура бериши керек экен.Сөзсүз бирөөгө зыяны тийгенде ойгоно башташат.Бишкекте дагын дарак кулаганда сууну көп ичкен дарак экен деп шылоо кылышты элего..Булардын шылтоосу күлкүнү келтирет
+7
Nadyrbekkg
2017-03-11 00:22:11
Акча жебей сапатуу салса болбойбукен.
+1
Aldyiar
2017-03-11 00:46:33
Бул ОШ шаарын тургузгандан кийин келди жемге жана нанга дегендей.Ошол нанды Мелис акебиз бышырып койгон болчу. ХХХ келип нанын урдап алды Алмаз экоо ХХХ
+6
baltabai
2017-03-11 10:26:46
Көпүрөктүн ортосу чогуп ктиптирго
0
almazbei
2017-03-11 12:15:02
Биротоло келинди уйундо эле жыгылган деп коюшбаптыр да ?!
+3
Ayka1994
2017-03-11 17:54:05
копурого 2017-жылдын декабрына чейин гарантия бергени бул ото уят нерсе андан сон бузулуп астынан отуп жаткандар, машиналар астында парковкадагы машиналарды басып калса гарантиябыз жок деп эч ким жооп бербейтко. Мелистин ишин жок кылып булар Самалет сынары бул да коп адамдын башын жебесе экен.
+1
gutler
2017-03-11 21:42:04
"Сафари" команисынын жасаган иштериде бирдагы сапаты жакшы деп уга элекпиз. Каайсы эле сапатсыз курулуш болсо, чуулгандуу "Сафаринин" атын угасын. Сафаринин лицензиясын алып салуу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан