Интернетте популярдуу болгон "Ждун" скульптурасынын ургаачысы жасалууда

Интернетте популярдуулукка жеткен жигерсиз күтүүнүн белгиси болгон "Ждун" скульптурасын жасаган нидерландылык Маргрит ван Брифорт скульптурасынын ургаачысын жасаганы жатат. Бул тууралуу скульптор өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыккан.

Бул скульптурасын "Ждуня" деп атайт. Маргрит ван Брифорт бир нече күн мурун баракчасына "Ждун" скульптурасына окшош жандыктын эскизин илип, "бул ким?" деген суроосун жазып, "#Ждуня" тегин жазган. Эскизге ылайык, "Ждунянын" чекеси бийик, тумшугу ичке, көздөрү кичирээк, кулактары бар.

Өзүнүн белгилүү скульптурасын ван Брифорт 2016-жылы жасаган. "Ждун" интернетте популярдуу болуп, көптөгөн мемдер жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seryi-Kardinal
2017-03-12 10:32:41
jigersiz degendi kantip tuwunot
0
altynbek_canto
2017-03-12 10:33:59
Ушинтип жатып даджал болуп кетпесе эле болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан