Таиландда фонтанга тыйын ыргытуу деңиз ташбакалары үчүн кооптуу болгон салт. Марттын башында хирургдар 25 жылдык ташбаканын ашказанынан салмагы 5 килограммга жеткен 915 тыйын жана 2 кайырмак алып чыгып, атын Остин (банк деп которулат) деп аташкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
60 килограммдык ташбакага Chulalongkorn университетинде 7 сааттык операция жасалган. Андан чыккан тыйындардын айрымдарын дат баса баштаган.
Таиландда ташбакага тыйын ыргытуу менен көп жашоого мүмкүн экенине ишенишет. Тилекке каршы, бул салт Остиндин жашоосун кыскартып койду. Орточо эсеп менен ташбакалар 80-100 жыл жашашат. Жашыл ташбакалар жоголуп бара жаткандардын катарын толукташат. Эми ал кийинки жарым жыл бою физиотерапиядан өтүп турат.