360 градустук камерасы бар смартфондор сатыкка чыкты

ProTruly кытай компаниясы панорамдык камерасы бар алгачкы телефондорду сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Mashable басылмасы жазып чыккан.

13 мегапикселдик камералар менен жабдууланган телефон 360 градусту алуу менен сүрөт же видео тартууга мүмкүнчүлүк берет. Darling смартфону алгачкы жолу Шэньчжэнде China Hi-Tech Fair көргөзмөсүндө өткөн жылы күзүндө көрсөтүлгөн. Аппараттын эки түрү бар: кадимки жана премиум. Премиум түрү италия булгаарысы жана 3,08 грамм алтын менен капталып, 4 алмаз менен кооздолгон.

Экөө тең 5,5 дюймдук Full HD экраны, 8 мегапикселдик селфи-камерасы, Helio X20 MT6797 процессору, 4 гигабайттык эс тутуму менен. Смартфон Android 6.0 программасында иштейт.

Ошондой эле ал USB-C порту, негизги баскычында бармактын изин сканерлөөчүсү менен кошумчаланган. Mashable басылмасынын маалыматына ылайык, кадимки Darling 500 долларга, премиум смартфону 800 долларга сатылууда. Бул жаңы аппарат Кытайда гана сатылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alinokka
2017-03-12 18:16:39
соонун го
+3
panda7
2017-03-12 18:22:48
Ухх эти Китаёзы как всегда в переди фантазии!
+1
Batma08
2017-03-12 18:27:12
Мм жакшы
-1
BekAmir
2017-03-12 19:23:39
Охоо
+2
ROLSEN
2017-03-12 19:43:58
Массаган. Зынк го
0
zamir.pochta
2017-03-12 22:46:28
Мм жакшы
-1
Nevestkaa
2017-03-12 23:13:33
Алтын,алмаз кошсо баасы да өлгөндүр...
-1
kanat.kulov84
2017-03-13 14:56:32
оо бизге келет бекен???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан