Бишкекте бензин кайрадан кымбаттай баштады

Бишкек шаарында күйүүчү майлардын баасы көтөрүлүп баштады. 13-мартка карата Бишкекте унаага май куюучу жайларда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 тыйынга кымбаттады.

Мындан 10 күн мурун АИ-92 бензини 38 сом 70 тыйындан сатылып жатса, учурда 39 сом 20 тыйын. Өлкөнү мунай продукциясы менен камсыздаган негизги компаниянын май куюучу жайларында 13-мартка карата баалар мындай:

АИ-98 - 45 сом 00 тыйын;

АИ-95 - 41 сом 70 тыйын;

АИ-92 - 39 сом 50 тыйын;

АИ-80 - 35 сом 50 тыйын;
Дизель майы - 37 сом 50 тыйын;
Дизель майы (кышкы) - 43 сом 00 тыйын;
Автоунаа газы - 22 сом 00 тыйын.
Автоунаага май куюучу айрым жайларда баалар салыштырмалуу төмөн. Мисалы:

АИ-95 - 40 сом 50 тыйын;

АИ-92 - 38 сом 00 тыйын;

АИ-80 - 34 сом 50 тыйын;
Дизель майы - 35 сом 30 тыйын.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
almazbei
2017-03-13 09:42:51
Арзандады деген соз барбы кыргыз тилинде?
+6
nazgul90
2017-03-13 09:45:15
Светти кымбаттат беп Бакиев куудунар еле еми коргуло светтинда продук танын да , бензиндин баасын .
+8
barsbegKG
2017-03-13 09:53:49
Жоқ деғенде жақшы сүйлөгөн бирөөнү шайлап алалы тиги бирөө "балп" этирип ар қайсы жерде бүтүндөй Қырғызстанды уят қылып жатат
+4
messi_1987
2017-03-13 10:10:22
убагында билесинерби свет кымбаттатып Бакиев кеткен эле! азыр карагылачы кыргыз элим свет 2сом 50 тыйындан толойм мен базарда отурам! убагында 1сом 50 тыйын эле. бензин убагында 32 сом эле азыр 42 сом Атамбаев кандай кунго калтырды бизди
+5
Uson13
2017-03-13 10:16:32
ТСга кирсек арзандайт дедиңер элего арзандабай кайра кымбаттап жатат өзүңөр эле көтөрүп жатасыңар акмактар
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан