Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочулары эртең, 14-мартта Боинг учагы кулаган жерге митингге чыгышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына митингдин уюштуруучусу Базаркул Ормонбеков билдирди.
"Айылдын көйгөйлөрүн көтөрүп чыгууну пландап жатабыз. Биз, айылдын эли президенттин өкүлүнө, Жогорку Кеңештин фракция лидерлерине, Саламаттыкты сактоо министрлиги, ӨКМнын жетекчилерин митингге чакырганбыз. Анткени күйүүчү майдын кесепети терс таасирин тийгизип, жашоочулар ооруп жатат. Бул жолу митингге жашоочулардын баары чогулушат. Массалык маалымат каражаттарына да кабар бергенбиз", - деп билдирди Ормонбеков.
Эске салсак, буга чейин айыл тургундары талаптар аткарылбаса, өзүбүздү өрттөгөнгө даярбыз деп билдиришкен.