20-21-мартта Ош шаарында өтө турган "Салбуурун" федерациясынын фестивалына жаа аткан кыздардын тобу кызуу даярдык көрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта аталган федерациянын жаа аткан кыздар тобунун насаатчысы Нурнуска Нуралиева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, буга чейин федерацияда 6 кыз жаа атуу менен алектенип, фестиваль, сынактарга катышып келген болсо, учурда алардын саны эки эсеге көбөйдү.
"Буга чейин жаа атуу боюнча бир катар сынактарга катышкан Жаз Айым Айдекова, Седеп Төрөгелдиева сыяктуу тажрыйбалуу кыздардан тышкары федерацияга дагы 6 кыз кабыл алынган. Жалпысынан Ошко жаа атуу боюнча 11 кыз барат. Анда кыздар ат үстүндө жана жерде жаа атууну көрсөтүшөт", - дейт Нурнуска Нуралиева.
Ал белгилегендей, жаа атууга кызыккан кыздардын көбү 19-21 жашта. Кыздар топтолуп, тоого чыгып, машыгып турушат.
"Жаа атуу - адамдын мээсин сергитет, кадимкидей жан дүйнөңө күч-кубат аласың. Мекенчилдик сезим ойгонот, өзүңө болгон ишенимиң да артат. Тоого барып машыгабыз, кээде мен кыздарды үйгө чогултуп, үйдөн да машыгууларды өткөрүп турабыз. Кыздарга машыгуулар кызыктуу өтүшү үчүн ар кандай курстарды акысыз өтөм. Өзүм кулинардык курсту да аяктагандыктан бул жааттагы тажрыйбаларым менен бөлүшөм. Мындан тышкары тигүүчүлүк боюнча чакан ишкерчилик менен алектенем. Кыздарга да тикмечиликти үйрөтүп жатам. Учурда кыздар фестивалга кие турган кийимдерин өздөрү тигишти. Аял сарамжал, жоктон барды жаратуучу, көп кырдуу, билимдүү болушу керек. Ошондо гана алар коомго пайдалуу балдарды тарбиялай алышат", - деп кошумчалады Н.Нуралиева.