Президент Садыр Жапаров 14-15-октябрда Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жетинчи саммитине катышат.
Саммиттин алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери өз ара байланыш, санариптештирүү жана туруктуу өсүш жаатындагы аймактык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашат.
Иш-чаранын жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди кабыл алуу күтүлүүдө.