Биз социалдык тармакта

Депутат: "Биздин жарандар да Кытайда өз унаасы менен жүрө алабы?" (видео)

Бүгүн, 13-октябрда, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Медина Кайрылбекова Кыргызстандын жарандары Кытайда өз унаасы менен жүрө алабы деген суроо узатты.

"Кыргызстандыктар Кытайда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү же эл аралык айдоочулук күбөлүк менен унаа айдай алышпайт. Бирок алар Кытайда тест тапшырып, Кытайдын айдоочулук күбөлүгүн алмаштыра алышат. Күбөлүк 6 айдан 6 жылга чейинки мөөнөткө берилет", - деди Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Эрнист Жаманкулов.Ал эми Тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу Кыргызстандын жарандарынын унаалары менен Кытайга кирүүгө уруксат берилерин билдирди. "Бирок ал үчүн унаага убактылуу мамлекеттик номер алуу зарыл. Ошондой эле, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу керек. Тилеке каршы, Кытайда бул маселеге байланыштуу бюрократиялык тоскоолдуктар көп", - деди ал.

Министрдин орун басары Кытайдын жарандары Кыргызстанга өз унаалары менен киргенде убактылуу кирүү жол-жобосунан өтүп, өздөрүнүн мамлекеттик номерлери менен кирип жатканын кошумчалады.

Ошондой эле, ал эки өлкө айдоочулук күбөлүктөрдү таануу боюнча ар башка конвенциялардын негизинде иш алып барарын, ошондуктан бири-биринин айдоочулук күбөлүктөрүн тааныбай турганын айтты. Бул маселе боюнча тиешелүү мекемелерге каттар жөнөтүлгөн.

Депутат: "Биздин жарандар да Кытайда өз унаасы менен жүрө алабы?"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан