Талас облусунун Бакай-Ата районунан келген 15 жаштагы кыз рак оорусун жеңип, дарылануусун аяктады. Бул тууралуу трэдс социалдык тармагынын колдонуучусу баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, кыз медициналык борборго мындан бир жарым жыл мурун оор абалда түшкөн. Ага сейрек кездешүүчү залалдуу шишик - адренокортикалдык карцинома диагнозу коюлган.
Кыз жалпысынан 12 жолу химиотерапия курсунан өткөн. Дарылоонун натыйжасында шишик кыйла кичирейип, дарыгерлер эки операция жасоого мүмкүнчүлүк алышкан.
Дарылануусу аяктаганын билдирген коңгуроону кагып жаткан кыздын видеосу социалдык тармактарга тарады.