Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Австрия туризм тармагына адистерди даярдоону талкуулады

Бүгүн, 13-октябрда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Австриянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кесиптик билим берүү жана туризм тармагына адистерди даярдоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле Австриянын тажрыйбасын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар Республикалык инновациялык туристтик кесиптик «Ак-Суу» лицейин өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды жана окуу программаларын жаңылоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле мейманкана жана туристтик тейлөө, тоо туризми сыяктуу багыттар боюнча квалификациялуу адистерди даярдоо жана практикага багытталган окутууну киргизүү маселелери каралды.

Австрия тарап туризм тармагындагы кадрларга болгон муктаждыкты изилдөө жана техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын билдирди. Изилдөөнүн жыйынтыгы лицейди өнүктүрүү, адистерди даярдоо жана окуу базасын жабдуу багыттарын аныктоого жардам берет.

Жолугушуунун соңунда тараптар туризм тармагындагы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан