Жаздын келиши менен кыргыз эли күткөн Нооруз майрамы да келе жатат. Жер-жерлерде бул майрамдын негизги тамагы болгон сүмөлөктү бышыруу үчүн буудай өндүрүлүп, даярдыктар кызуу башталды. Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Кызыл-Курулуш айылында да сүмөлөк бышырыла баштаганын SUPER.KG порталына айыл тургуну Максат Төрөгелдиева билдирди.
"Нооруз майрамын утурлай жакын туугандар чогулуп сүмөлөк кайнатууну баштадык. Буга чейин чоң энелерибиз сүмөлөктү бир жолу кайнаткан үйдө ырым кылып, 7 жолу же 3 жолу кайнатуу керек дешчү. Мындан улам быйыл үчүнчү жолу сүмөлөк кайнатып жатам. Бул үчүн жакын туугандар чогулуп 7 килограмм буудай алып өндүрдүк. Аны атайын майдалоочу шаймандардын жардамы менен майдалап казанга салып 12 сааттай кайнатып бышырып алдык. Ага чейин ырым кылып 7 токоч бышырып, Умай эне, ата-бабаларга багыштап куран окудук", - дейт Максат Төрөгелдиева.
Кыргыз эли Нооруз майрамында күн менен түн теңелерин айтып, жылдын жаңырган күнү катары белгилеп келишкен. 21-март күнү жер-жерлерде оюн-зооктор уюштурулуп, арча менен алас айтылып, кары-жашы жалпы чогулуп дуба кылышкан.
"Бул күнү "Жер жарылып чөп чыгып, желин жарылып сүт чыгат. Жер эне берекесин берип, түшүм мол болсун, пейилибиз кең болсун деген тилектер айтылып, аксакалдар бата берип келишкен. Негизинен майрамдык салтанатты улай улуттук оюндар, салттуу кыз-жигит оюндары, акындар айтышы өткөрүлүп келген. Соңку жылдары коом алмашкан сайын Нооруз майрамын белгилөөнүн тартиптери өзгөрүлүп баратат. Жаңы жыл менен эски жыл ажыраган учуру катары белгиленген бул күнү "жыл ажыратты" делип, куран окулуп, аны менен катар жаштар арасында футбол, воллейбол сыяктуу оюндар ойнолуп калды. Буга чейин биздин ата-бабалар майрам күнү чүкө, ордо, ат оюндары менен алектенсе, жаштар жоолук таштамай, селкинчек ойноп таң атырышчу", - деп өз оюн билдирди тургун Алишер Бекмуратов.
Кызыл-Курулуш айылынын жашоочулары бул күнү сүмөлөк бышыруудан сырткары мал союп, майрамга даярданышууда.