"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Кара-Суу районундагы мектепке мугалимдин баласы кол салган

6-марттан 7-мартка караган түнү Кара-Суу районундагы №97-Учкун орто мектебинин имаратына белгисиз адамдар тарабынан кол салуу болгонун окурман SUPER.KG порталына 7-мартта билдирген.

Мектепке кол салганга шектелип ошол эле райондун тургуну, ата-энеси мектепте иштеген жаран кармалган. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мээрим Жороева билдирди.

"Кол салууга шектүү делип, ата-энеси ошол меткепте иштеген тургун кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Учурда терезе, эшиктер салынды. Келтирилген чыгымдардын баары төлөнөт", - деди М.Жороева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
baltabai
2017-03-13 10:39:22
Ата энесин иштесе кантип кол салды деейм да
0
zevs
2017-03-13 10:52:28
Iwengen kojom sen bolson
0
Pandora
2017-03-13 10:59:38
Бала болбой ..л,ата-энендин эл караган бетин жер каратып дагы жонокой эмес мугалимдин баласы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан