Курч мүнөздөгү боордун өнөкөт оорусу менен ооруган аялга Индияда операция жасалды

Курч мүнөздөгү боордун өнөкөт оорусу менен ооруган Майрамкан Майназаровага операция жасалып, абалы жакшырууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына жабырлануучунун кызы Каныкей Калмырзаева билдирди.

"Апама Индияда операция жасатып келдик. Учурда абалы жакшы. Мен апама боорумду берүүнү пландап жаткам. Мен кичинекей кезимде сарык оорусу менен ооругандыктан дарыгерлер боорумду апама берүүгө болбой турганын айтышты. Мындан улам бир тууган иниси боорун берди. Бүгүнкү күндө экөөсүнүн тең ден соолугу туруктуу. Апам операциядан чыккандан кийин жүзүнө кызыл жүгүрүп, саргайган көздөрү агарып өңү жакшы болуп, мурунку калыбына келе баштады", - деп билдирди Калмырзаева.

Белгилүү болгондой, Майназарованын операциясына 45 миң АКШ доллары жумшалган. Бул каражатты жакын туугандардан жана коомчулуктан берилген жардамдын негизинде чогултушкан. Каныкей Калмырзаева алган карыздарды төлөө үчүн турак үйүн сатыкка койгонун кошумчалады.

"Индияда дарыгерлердин деңгээли абдан жогору экен. Ал жакта заманбап медициналык жабдуулар менен иштешип, ден соолукка кам көрүүгө олуттуу мамиле жасашарын байкадык. Бейтаптарга аябай сылык мамиле жасап, маданияттуулуктун жогорку ченине чыгыптыр. Аларга ыраазы болуп кайттык", - деп кошумчалады Калмырзаева.

Эске салсак, буга чейин 26 жаштагы Каныкей Калмырзаева "апама боорумду берүүгө даярмын, бирок операцияга каражат жок болуп жатат. Ал күн сайын оорлошуп жатат" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
barakcha
2017-03-13 11:55:51
Мындан кийин эч оорубай,балдарыныздын жакшылыктарын коруп,коп жашаныз эжекеси!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан