Америкалык CNN телеканалынын алып баруучусу, жазуучу Реза Аслан Индиядагы каннибалдардын индуисттик сектасы - Агхори жөнүндө көрсөтүү даярдап жатып, адамдын мээсин жеген. Анын мындай кадамы коомчулуктун катуу сынына кабылды.
"Кудайга ишенген" деп аталган көрсөтүүнү тартып жатканда аталган сектанын мүчөлөрү Реза Асландын бетин адамдын күлү менен шыбап, баш сөөккө куюлган алкоголдук ичимдикти ичүүнү сунушташкан. Андан соң сектанттардын бири анын моюнуна адамдын жаактарынан жасалган жасалганы илип, мээнин бир үзүмүн алпаруучуга берип, жедирген. Ошондой эле ал Р.Асланды "Көп сүйлөйт экенсиң, башыңды кесип салам" деп дагы коркуткан.
Журналисттин айтымында, ал башка элдин маданиятына сый мамилесин көрсөтөйүн деп адамдын мээсин жегенден баш тарткан эмес. Көрсөтүү тартылып бүткөндөн кийин алып баруучу Фейсбуктагы баракчасына: "Өлгөн адамдын мээсинин даамын билгиңиз келеби? Жыгач көмүргө окшош экен", - деп жазган.
АКШдагы жана Индиядагы индуисттик топтор CNN'дин бул чыгарылышы алардын динин туура эмес жактан көрсөтүп жатканын билдиришкен. "CNN бул берүүсү менен адамдарда индуизм дининен коркуу жана аларда бул ишеним тууралуу түшүнбөөчүлүк сезимин жаратып жатат", - деп айтышкан алар.
Агхори агымы - XIV кылымда индуизм дининин Капалика сектасынан бөлүнгөн. Анын мүчөлөрү каннибал болгону үчүн эмес, бул алардын салттарынын бир бөлүгү болгондуктан тамак катары адамдын этин пайдаланышат.