Regnum агенттигинин Бишкектеги шеф-редактору Григорий Михайлов 11-мартта Кыргыз Республикасынан депортацияланды. Себептери так айтылган жок. Бүгүнкү күндө журналистти депортациялоо себептери такталып жатканын Орусиянын Кыргыз жериндеги элчилиги маалымдады.
Элчилик бул окуяны ММКлар аркылуу укканын, азыркы учурда журналистти өлкөдөн чыгарып жиберүүгө тийиштүү жагдайлар такталып жатканын кабарлады. Тийиштүү иштер аяктаган соӊ кийинки чаралар көрүлөрүн билдирди.
Михайловдун өлкөдөн чыгарылышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деген пикирлер да айтылууда.