Айыл чарба министри: “Быйыл кант кызылчасы 16 миң гектар жерге айдалат”

Быйыл 16 миң гектар жерге кант кызылчасы айдалат. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңеште Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кант кызылчасынын үрөнү боюнча көйгөй жок.

"Быйыл "Кошой" заводу ишке кирет. "Кошой" жана "Кайыңды" кант заводдору 1 000 тонна кант кызылчасын иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде көп кант айдалса, дыйкандардын мээнети күйүп кетет. Айыл чарба министрлиги заводдордун жетекчилери, дыйкандар менен сүйлөшүп кант кызылчасын 16 миң гектар жерге айдоо пландалууда", - деди министр.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Рада Туманбаева чектөө киргизүү жакшы демилге экенин айтты.

"Кыргыз жеринин кант кызылчасы таттуулугу менен айырмаланат. Мурда советтер союзу учурунда биздин өлкө биринчи орунду ээлечү", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
realliver
2017-03-13 11:45:21
Менда айдайм 5 сотых, ошондо 160000 г 5 сотых жерге айдалат быйыл))
+1
kemel81
2017-03-13 13:10:50
Ишенбейм, калп айтат. Кызылча айдала элек, маалыматты кайдан алды экен. Министр эмес айыл башчы билбейт, канча жерге кандай эгин айдалганын. Жон эле иштеп жаткан министр болуп жатат. Шоу
0
Alina1984
2017-03-13 14:39:46
kemel81,Айдалат деп турат окшойт,апрельден баштап себилет да
0
kemel81
2017-03-13 15:03:41
Alina1984,ооба айдала элек. Бирок статистиканы кайдан алды. Же министрлике отчет берип турушабы дыйкандар, паланча га кызылча, паланча га жугору айдайбыз деп.
0
Alina1984
2017-03-13 18:19:04
kemel81,Ошол берген уронуно карап эсептешсе керек
0
Alina1984
2017-03-13 14:41:30
Ал эми министрибиз айткандай урон жонундо койгой жок эмес бар,уронго чектоо киргизишти,биз да ала албай чуркап журуп 1гектарга аран алдык уронду,эн арзаны 5000 эн кымбаты 9000мин экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан