"Манас" деген аталыштагы жер, суу, чокулары бар дүйнөдөгү жети өлкө

Кыргыз элинин эпосунун башкы каарманы - Манастын ысымы дүйнөдөгү бир канча өлкөлөрдө кездешет. Манасчы Замирбек Баялиев бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына алар тууралуу баяндап берди.

1. Непал Федеративдик-Демократиялык Республикасындагы Манаслу чокусу. Анын бийиктиги 8 миң 128 метрди түзөт.

Непалдагы Манаслу чокусу

2. Индия Республикасында узундугу 500 чакырымга жеткен дарыя агат. Мындан тышкары бул өлкөдө 1990-жылы негизделген улуттук Манас паркы бар. Анын аянты 950 чарчы чакырым.


Индиядагы Манас улуттук паркы

3. Тибет автономиялуу округунда бийиктиги 4 миң 557 метрди түзгөн Манас көлү бар. Ал деңиз деңгээлинен 4590 метр бийиктикте жатат жана дүйнөдөгү бийиктикте жайгашкан тузсуз көлдөрдүн бири. Жергиликтүүлөр аны "Манаса Саровар" деп аташат. Биздин тилге которгондо "Манас көлү" деген маанини берет.

Тибеттеги Манас көлү

4. Батыш Кытайда узундугу 402 чакырым болгон Манас дарыясы агып, Манас көлүнө куят. Дарыянын аянты 4056 чарчы чакырым.

Батыш Кытайдагы Манас дарыясы

5. Кавказ тоолорундагы Манас дарыясы суусун Каспий деңизине куят. Анын жанында Дагестанда Манаскент аталышындагы шаар жана Манас курорту бар.
Манаскент шаары

6. Алтайда Манас көлү бар, ал деңиз деңгээлинен 2 миң 331 метр бийиктикте жайгашкан. Мындан тышкары "Манас тоо" деген чоку жайгашып, бийиктиги 2038 метрге жетет.

Алтайдагы Манас көлү

7. Өзбекстанда да 300 чакырым узундуктагы Манас каналы бар.

"Жетинин бири кыдыр деп жетөөнү мисал келтирдим", - дейт манасчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
edik-kg
2017-03-13 17:29:02
Эң сонунго биринчи жолу угушум
+6
Arsenal2
2017-03-13 18:09:54
Манасты жомок дегендер коргуло.Мунун баары жон жерден эмес.
+6
akil.91
2017-03-13 18:37:14
Бул аттарды ушул олколор оздору атап алышканбы же Кыргызстан менен ортолорундагы достук учунбу?
+4
Namystan
2017-03-13 19:01:08
akil.91,akil.91, эч ким атабай эле, илгертен бери ооздон оозго отуп сакталып калган жерлер, бул илгери Кыргыздар ушул жерлерде да жашап ээлик кылган дегенди билдирет, азыр эле баатыр эмес баарыбыз тен саясатчы болуп чыга келбедикпи, жашынан каарысына чейин мамлекеттин бутундугун ойлогон киши жок, биз кучтуу мамлекет болбосок чачырап кана кетебиз го болунуп отуруп! эмне болсо эле жаманбы жакшыбы бири бирин шыбаган, кыйкырып окургон эле адамдар.
+6
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-13 19:26:38
Акылдуу мекенчил Кыргыз учун куйгондор чыксале аттырып кууп атышса албетте баркыбыз кетип кор болобуз же оздору кыйратпайт онуктун кокуй андай мындай дешет
+3
Gul14kA
2017-03-13 20:52:18
Болунбо кыргыз болунбо! Болунсон бору жеп кетет.
-2
Kroxa
2017-03-13 22:05:14
Манас жашап жана басып откон жерлер Манастын атын алып журот,,бул жомок эмес....
0
oscar
2017-03-13 22:26:23
Туштук Америкада да бар
0
elmurat.kg
2017-03-13 22:45:33
непалда 8000 м ашык тоо жок болсо керек же алда гималай тоо системасына киреби ошондо же
0
ulukbek.kg
2017-03-14 04:42:30
Кытайдын Урумчиге жакын жеринде, Манас деген да шаар бар.
0
nur_zhoni
2017-03-15 00:44:51
Эх Манас атабыз олбос болгондо кана азыр кыргызстан кандай мамилекет болот эле
Макул ушугада шугур кылалы кыргызстан деген жок болбой мамилекет болгонуна
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан