8-12-март күндөрү Берлин шаарында эл аралык туризмди өнүктүрүү боюнча жарманке болду. Туристтик потенциалды өнүктүрүүдөгү дүйнө жүзү боюнча ири аянтча болгон жарманкеге 187 өлкөдөн 10 миңге жакын туроператорлор катышкан, алардын арасында Кыргыз мамлекетинин өкүлдөрү дагы бар. Ага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Азамат Жаманкулов катышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө туроператорлор чет өлкөлүк өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташуу боюнча келишимдерди түзүшкөн. 9-мартта КРнын Германиядагы элчилигинде Кыргыз жеринин туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган саамалыкты уюштурушту. Анын жүрүшүндө Азамат Жаманкулов 2016-жылы өтөн Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу айтып берди.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын жарманкедеги маалыматтык бурчуна боз үй тигилип, комузчулар күү чертип турушкан. Буга Өзбекстандын атынан катышып жаткан Анвар Шерматов Твиттердеги баракчасына "Кыргыздардын өзүн алып жүргөнү таң калтырды. Саат 18ге чейин эч ким жок болсо да кыймылдабай күү чертип турушту. Биздин бийчилерден кабар жок" деп жазган.