"Илимди унутуп бараткан өлкөдө алдыга өсүү болбойт", - деп бүгүн, 13-мартта парламентте Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйналышында КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев билдирди.
Анын айтымында, илимдеги жаштарды башкаларга идеал кыла турган идеологияны ойлоп табуу керек.
"Кыйкырган жаштардын заманы болуп калды. Андан көрө илим жаатында жүргөн жаштарды карап түздөнө тургандай кылышыбыз керек. Милицияларга башкаларга арзан баада батирлер берилип жатат. Илимий ачылыштарды жасап, аракет кылып жаткандарга өкмөттөн колдоо кылуу зарыл. Сыналгы, радио аркылуу аларды үлгү кылуу керек", - деди депутат.
Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев эл өкүлүнүн сөзүн колдой турганын айтты.
"Илимдер академиясында иштегендердин айлык маянасы төмөн болууда. Советтер союзу убагында эмгек акы көп болчу", - деди Эркебаев.