Японияга 20 боз үй тигилип, кыргыз айылы негизделет

"Япониянын Кагосима префектурасында (аймагында) боз үйлөр тигилип, кыргыз-япон айылы ачылат. Мындан бир ай мурун мурунку эл өкүлү Карганбек Самаковдун демилгеси менен Японияга боз үйлөр жөнөтүлгөн", - деп билдирди бүгүн, 13-мартта Самаковдун жардамчысы Раатбек Шабданов SUPER.KG порталына.

Анын маалыматына ылайык, япон-кыргыз достугунун негизинде 2011-жылы кыргыз элине Кагосимадан атайын жер бөлүнүп берилген.

"Жөнөтүлгөн 10 боз үй бүгүн Японияга жетти. Дагы 10 боз үй даярдалып жатат. Жакында Японияга барып аталган айылды ачабыз. Боз үйлөр символдук белги үчүн эмес, атайын жашоого ыңгайлаштырылып жасалды. Биз барып япон жериндеги Кыргыз жарандарынын башын бириктиребиз. Бул жактан да иштейм деген кыргыз жаштарын алып кетүү иштери мерчемделүүдө", - деди Р.Шабданов.

Ал белгилегендей, аталган айылдын негизделүүсүнүн башкы максаты - япон-кыргыз алакасын жакшыртуу, япондорго кыргыз маданиятын, салт-санаасын тааныштыруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ekaterinburg
2017-03-13 17:14:38
Нинзя болушту уйротуп коюшсун биздикилерге))
+2
dina1983-19
2017-03-13 17:15:31
Мен иштейм айлык маянасы кандай болду экен кимге кайрылабыз
+4
grace
2017-03-13 17:17:17
Жакшы саамалык, жакшы жаңылык!
+2
almazbei
2017-03-13 17:58:13
Японияда иштесен бул жака акча жоното албайсын дешет, менин бир таанышым окуган эле,бардык нерсе кымбат дейт .
0
Kleopatra01
2017-03-13 21:17:28
Супер эмнеге менин билдируулорум чыкпай жатат?
-3
admin_media
2017-03-14 10:59:19
Kleopatra01,
Саламатсызбы! Бардык билдирүүлөрүңүз чыгып жатат: http://www.super.kg/comments?action=janylyk&user_id=423415
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан