Viber мессенжери чаттарда өзү өчүп кала турган билдирүүлөрдү жазууга мүмкүн болгон жана андан скриншот алынбай турган функцияны кошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жаңы функция аркылуу колдонуучулар билдирүү жазган соң ага атайын бир убакыт бере алат. Көрсөтүлгөн убакыттан кийин жазылгандар өзү өчүп калат. "Жашыруун чатта" жазылган билдирүүнү көчүрүп, башкага жиберүүгө болбойт. Ошондой эле Android телефондорунда аталган чаттан скриншот алууга мүмкүн эмес. Эгерде чаттын бир мүчөсү андан скриншот жасап жатса, чаттын башка катышуучуларына бул тууралуу билдирүү келет. Мындан тышкары колдонуучу бир эле топ менен, бири жашыруун, экинчиси кадимкидей ачык, эки чат түзсө болот. Жашыруун чатта кулпунун сүрөтү туруп, кадимкидей айырмаланып турат.