Смартфонду чөнтөктөн алып чыкпай туруп чалууларга жооп берүү, музыка коюп, аны башкасына которуу сыяктуу иш-аракеттерди "акылдуу күрмөлөрдүн" ээлери жакын арада жасай алышат. "The Commuter" деп аталган бул ойлоп табууну Google жана Levi's компаниялары иштеп чыккан. Алардын айтымында, кийим келе жаткан күз айында сатыкка чыгат.
The Commuter классикалык жынсыдан жасалып, аны тигүүдө Google компаниясы иштеп чыккан кездеме колдонулат. Күрмөнүн ээси анын сол жеңиндеги сезимтал жерине колун эки жолу тийгизип койсо же каалаган багытта колу менен жылдырса, кийим жесттер аркылуу тапшырмаларды аткарат. Смартфон менен байланыш жеңге орнотулган Bluetooth-жиберүүчү аркылуу ишке ашат. Аны болжол менен эки күндө бир электр кубаты менен камсыздап туруу кажет. Ал эми электр кубаты microUSB менен ишке ашат. Күрмөнү жууш үчүн Bluetooth-жиберүүчүнү андан чыгаруу зарыл. Айна жана нымдуулук сезимтал кездемеге эч кандай зыянын тийгизбейт. Акылдуу күрмөнүн баасы 350 доллар болору айтылууда. Муну жасап чыгаруучулардын айтымында, күрмөлөр шаарда жашаган шайтан арабачыларга арналып чыгарылган. Себеби аталган кийим шайтан арабаны тээп баратып, эч тоскоолдуксуз смартфонун башкарууга жардам берет.